Ак-Жар конушунда уурулукка шектелген жигитти мамыга байлап коюшкан. Милициянын маалыматы
RU

Ак-Жар конушунда уурулукка шектелген жигитти мамыга байлап коюшкан. Милициянын маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка Ак-Жар конушунда уурулукка шектүүнү мамыга байлап койгон видео тарады. Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан окуянын жагдайларын айтып беришти.

Такталгандай, 6-мартта белгисиз жаран Аламүдүн районуна караштуу Ак-Жар жаңы конушундагы үйлөрдүн бирине белгисиз жаран кирген. Ал эч ким жоктугунан пайдаланып үйдүн кулпусун сындырып, үйдөгү буюмдарды чачып жаткан жеринен үйдүн ээси тарабынан кармалган. Качып кетпесин деп бакка байлап, милиция кызматкерлери келгенде өткөрүп берген.

Аталган окуя боюнча 205-беренеде (Уурулук кылууга аракеттенүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран мурда сот жообуна тартылган 1990-жылы туулган М.Э. экендиги аныкталып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кошумча текшерүү учурунда Аламүдүн районунда болгон бир нече уурулук фактысына катыштыгы бар экендиги такталды. Учурда тергөө улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10739