1-апрелде мектептке бардык класстар барбайт
RU

1-апрелде мектептке бардык класстар барбайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-апрелден тартып мектепке бардык класстар барат деп айтылган. Бирок, Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева, бул маалыматты төгүндөдү.

1-апрелде төртүнчү чейрек башталат. Мектептер үчүнчү чейректе иш алып барган режимде эле ачылат, деп Эльмира айым эскертти.

"Офлайн режимге жети паралель класстар чыгат. Калган төрт паралель азырынча онлайн режимде окуусун улантат. Эгер кийинки 2-3 жумада өлкөдөгү эпидемиялык кырдаал өзгөрбөсө, анда бул паралелдер тууралуу эмне кылышты ойлонобуз", - деди Иманалиева.

Анын айтымында, бакчаларда да кырдаал өзгөрүүсүз калат. Даярдоочу жана жогорку группалар гана кабыл алынат.

"Өзгөчө муктаж болгон үй-бүлөлөр үчүн дежур группалар ачылган. Болжол менен 4,3 баланы камтый алдык", - деп билим берүү башкармалыгынын жетекчиси кабарлады.

Эске салсак, жазгы каникулга чейин 6,7,8,10-кластын окуучулары дистанттык окутуу форматында билим алууну уланытшууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1073