Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрүнө стипендия бериле баштайт
RU

Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрүнө стипендия бериле баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттерине жана академиктерине стипендия төлөө кайрадан жанданат. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Буга ылайык, марттан баштап Улуттук илимдер академиясынын учурдагы мүчөлөрүнө (академиктерине) ай сайын 15 миңден, ал эми мүчө-корреспондентерине 7 500 сомдон стипендия төлөнүп турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10743