Бүгүнтөн баштап өлкөдө жол эрежесин бузган айдоочуларга жаза оорлошту
RU

Бүгүнтөн баштап өлкөдө жол эрежесин бузган айдоочуларга жаза оорлошту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-марттан баштап Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга жаза оорлоштурулду.

Эми мас абалында унаа айдагандар мурдагыдай айыпка тартылбайт. 1 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Эгер кайра эреже бузсаңыз 3 жыл айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайсыз!

Эгерде айдоочу жылына үч жолу жол эрежесин одоно бузган болсо, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзаменди кайра тапшырууга жиберилет.

Айдоочулардын жол эрежесин бузгандарга жазаларды оорлоштуруу - жол кырсыктарын азайтуу жана күбөлүк сатып алгандарга эрежелерди үйрөтүү үчүн зарыл, деп билдирген Садыр Жапаров.

Андан башка дагы эреже бузуулар үчүн айыптар көбөйдү:

  • Документсиз айдоо (айдоо укугу жок болсо) - 5500 сом айып салынчу, эми 15000 сом төлөйсүз, арзандатуу менен төлөөгө мүмкүн эмес;
  • Буга чейин светофордун кызыл түсү күйүп турганда же (адамдар жөө жүрүүчү жол) тротуар менен айдасаңыз 3000 сом айыпка жыгылсаңыз, эми 5500 сом айып пул салынат;
  • Ылдамдыкты 40-60 км/сааттан ашыргандар үчүн - 5500 сом болчу, эми 7500 сом болот;
  • Ылдамдык чегинен 60 км/саат же андан ашкандарга - 7500 сом болсо, эми 15000 сом болду;
  • Каршы тилкеге ​​чыгуу үчүн - 5500 сом болчу, эми 15000 сом болду;
  • Автобейбаштык үчүн - 15 000 сом айып пул, азыр эки эсе азайды. Бирок, экинчи жолу эреже бузсаңыз алты айга күбөлүгүңүздөн ажыратуу менен жазаланасыз;
  • Эгерде айдоочу кырсыкка учурап, унааны окуя болгон жерге таштап кетсе, бирок анын аракетинде кылмыш иши байкалбаса, алты айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. Айыптын суммасы мурда 10 миң сом болчу.
  • Айып пулду эми 70% арзандатуу менен бир айдын ичинде төлөсөңүз болот(азыр 15 күн)
  • Жыл ичинде үч же андан көп жол эрежесин бузганы үчүн - күбөлүктү алуу үчүн экзаменди кайра тапшырасыз;
  • Буга чейин айдоочу 10 миң сомго чейин төлөнбөгөн айып менен унаасын эркин айдап жүрө берчү. Бул тариф 3000 сомго чейин төмөндөтүлгөн. Башкача айтканда, эми 3000 сом же андан көп айып пул сизге топтолуп, бирок убагында төлөбөсөңүз - төлөм бүткөнгө чейин автоңуз унаа токтотууну жайга токтотулат.

  • Жасалма номурлар менен унаа айдоо – 20 000 сом (мурда 15 000). Кайталап бузуу үчүн - бир жылга укуктан ажыратуу каралган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10746