Садыр Жапаровдун уулу үйлөнөт
RU

Садыр Жапаровдун уулу үйлөнөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-мартта Садыр Жаапаровдун уулу Ренатттын үйлөнүу тою өтүп жатат. Бул тууралуу Super.kg порталы өзүнүн маалымат булагына шилтеп билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, чоң той берилбейт, үйлөнүү тоюна жакындар гана чакырылып, тар чөйрөдө өткөрүлөт.

Ренат 1997-жылы туулган, келинчегинин аты Аяна, ал 21 жашта. Учурда Улуттук университеттин Кытай тили факультетинин 3-курсунда билим алат. Ренат менен Аяна көп жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн.

Белгилей кетчү жагдай, Ренат Садыр Жапаровдун агасы Эркин Жапаровдун уулу. Ал автокырсыктын айынан каза болуп калган. Кырсыктан кийин Садыр Жапаров Ренатты өзүнүн балдарына кошуп чоңойткон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1074