Кыргызстандын футбол боюнча 2023-жылдагы Супер кубогун "Алай" командасы утту
RU

Кыргызстандын футбол боюнча 2023-жылдагы Супер кубогун "Алай" командасы утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча 2023-жылдагы Кыргызстандын футбол боюнча Супер кубогун Оштун "Алай" командасы жеңди.

Супер кубок үчүн финалдык оюнда "Алай" "Абдыш-Ата" клубу менен беттешип, 1:0 эсебинде баш байгени илип кетти. Жеңиш алып келген жалгыз голду каршылашынын дарбазасына чабуулчу Рыскелди Артыкбаев оюн аяктап калган маалда киргизген.

Оюн 8-мартта Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өткөн. Бул ирет, "Алай" үчүнчү ирет Кыргызстандын Супер кубогун утуп жатат.

Белгилей кетсек Супер кубок Кыргызстанда 2011-жылдан бери ойнолуп келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10759