Бишкекте бир эркектин башы контейнердин астына кыпчылып калган
RU

Бишкекте бир эркектин башы контейнердин астына кыпчылып калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-мартта куткаруучулар контейнердин астына башы кыпчылып калган эркек кишини куткарышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Эртең менен саат 8:30да нөөмөт бөлүмүнө, Термечикова көчөсүндө эркек киши темир контейнердин астына башын кыпчып алып, чыгара албай жатат, деген билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге беш куткаруучу келип, атайын иснтрументтердин жардамы менен эркек кишинин башын чыгарышкан.

Жабыркаган жаран медициналык жардамга муктаж болгон жок. Анын башы кандайча контейнердин астында болуп калгандыгы белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1075