Ошто бүгүн жер титиреди
RU

Ошто бүгүн жер титиреди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун аймагында бүгүн, 9-мартта жер силкинди. Бул тууралуу ӨКмнын маалымат кызматынан кабарлашат.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, саат 10:42 чамасында Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Алай районунун Ачык-Суу жана Сары-Могол айылында 2 баллга чейин сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10767