Бишкекте жаран мурунку сүйлөшкөн кызынын курбусун сабап салган
RU

Бишкекте жаран мурунку сүйлөшкөн кызынын курбусун сабап салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ленин райондук соту мурдагы сүйлөшкөн кызынын курбусун сабаган жаранды 25 миң сом айыпка жыкты. Өкүм Жогорку Соттун сайтында жарыяланды.

Аты-жөндөрү өзгөртүлдү.

Окуя өткөн жылдын сентябрь айында борбор калаанын кичирайондорунун бириндеги болгон. Тергөө органдары сөздө-сөз чыгып, уруша кеткен жигит мурдагы сүйлөшкөн кызынын курбусун Мадинанын денесине залал келтирген деп айыптаган. Жабырлануучунун мээси чайкалып, колу, бети жана моюну көгала болгон.

Сот отурумунда Бахтияр күнөөсүн мойнуна алып, өкүнгөн. Жабырлануучу анын мурунку сүйлөшкөн кызынын курбусу. Ошол күнү сүйлөшкөн кызы Алия телефон чалууларга жооп бербей, айыпталуучу кызганычтан ичип, мас абалында сүйлөшкөн кызынын үйүнүн алдын кайтара баштаган. Үйдүн жанынан экөө уруша баштаганда кыздын курбусу сөзгө аралашкан.

Бахтияр сотто жабырлануучуну колунун сырты менен урганын айтып, анын биринчи никесинен жашы жете элек эки баласы бар экенин эске алууну суранган.

Жабыркаган Мадина ошол күнү дос кызы Алия менен жолугуп, аны менен сейилдөөнү чечишкен. Кафеде отуруп, кийин Алиянын үйүнө келип, подъездге кирип, лифтке жакындаганда мас Бахтияр келип, курбусун сүйрөп, ызы-чуу салган. Кыз-жигит өз ара мамилесин көчөдөн тактоону чечишкен. Ал эми Мадинаны Алиянын сегизинчи кабатындагы батирине жиберишкен. 10 мүнөттөн кийин жабырлануучунун айтымында, анын курбусу келип, Бахтияр кетти деп билдирген.

Бирок, бир аздан кийин Бахтияр эшикти катуу каккылай баштаган. Эшикти сындырган соң, кыздардын эшке чыгуусун айткан. Ал жактан айыпталуучу Алияны сөгүп, урушуп баштаган. Ушул учурда курбусу сөзгө аралашууну туура чечкен. Соңунда "Өзүңөр чечкиле " деп Мадина кетип бара жатканда, кызды Бахтияр жулкуп отургузуп, сөгүп кирген. Кыз кайрадан туруп кетүүгө аракет кылган учурда, бала бир канча жолу чаап жиберген.

Жабырлануучу соттон айыпталуучуга мыйзам чегинде жаза берүүнү суранган.

Жабырлануучунун айткандарын окуянын башка күбөлөрү да тастыкташкан.

Сот Бахтиярды Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси "Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү" боюнча күнөөлүү деп таап, 25 000 сом айыпка жыкты.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдик: ruzaria.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10784