Токмоктун мэри Самаевдин жакыны делинген шаардык кеңештин депутаты кармалды
RU

Токмоктун мэри Самаевдин жакыны делинген шаардык кеңештин депутаты кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев кармалды. Бул туурасында Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, депутат буга чейин "Яндекс.Такси" - "Салтанат Кей Джинин" өкүлүн коркуткан.

9-мартта коркутуп-үркүткөн деген шек менен Токмок шаардык кеңештин депутаты Кайрат Чокеев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал "Бейбаштык" беренеси боюнча шектелүүдө.

Таксопарктын кызматкерлерин Чокеев жана башка адамдардын коркутуп жаткан видеосу тергөөдө бар. Бул ишке катыштыгы бар адамдарга карата териштирүү жүрүп жатканы маалым болду.

Белгилей кетсек, шаардык кеңештин депутаттары Кайрат Чокеев, Зафар Абраимов, анын бир тууганы "Яндекс.Таксинин" өнөктөштөрүн коркуткан. Депутаттар Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевге жакын экени кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10788