Аялуу үй-бүлөлөр үчүн Бишкекке жакын жерге шаарча курулат
RU

Аялуу үй-бүлөлөр үчүн Бишкекке жакын жерге шаарча курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин четине калыктын аялуу катмары үчүн шаарча курулат. Бул туурасында калаа башкармалыгынан маалымдашат.

Биринчи Май райондук администрациясында "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин өкүлү менен район башчысы жолугушуу өткөрдү. Анда Кут конушунда бир нече социалдык объектилердин курулушу талкууланып, 25 турак үй калктын социалдык аялуу катмарына кирген 100 үй-бүлөгө, 700 орундуу мектеп, 100 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана медициналык амбулатория куруу пландаштырылды.

Буга чейин курулуш үчүн жер тилкеси аныкталган, учурда мамлекеттик акт таризделүүдө, андан кийин коомдук фонд тарабынан долбоор иштелип чыгып, тиешелүү шаардык кызматтарга макулдашууга жөнөтүлөт.

Кут конушу 2005-жылы негизделген, калкынын саны 1500дөй адам, 550 үй курулган, Бишкектен 20 чакырым алыс.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10796