Акылбек Жапарова Өзбекстандагы этникалык кыргыздардан кабар алды
RU

Акылбек Жапарова Өзбекстандагы этникалык кыргыздардан кабар алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акылбек Жапаров Өзбекстандын Жызак облусуна караштуу Манас айылында жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту. Министрлер кабинетинин төрагасы жолугушууда чет жерде жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү бийликтин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

"Кыргызстан менен Өзбекстанды көп кылымды камтыган жалпы тарыхыбыз байланыштырып турат. Биз тынчтыкта жана ынтымакта жашоону тагдыр өзү белгилеген бир тууган элдербиз. Манас айылын өнүктүрүү, бул жерде жашаган этникалык кыргыздардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатканы кубандырат. Ата-бабаларыбыздын тилин, маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын сактай алганыңыздар абдан жагымдуу. Сиздерди тарыхый мекениңиз менен байланыштырган жип эч качан үзүлбөшү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз", - деп белгиледи Жапаров.

Белгилей кетсек, 2018-жылы "Ыңгайлуу айыл" мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Манас айылынын инфраструктурасы бир топ жакшырган. Алсак, Өзбекстандын президентинин демилгеси менен айыл элин таза суу менен камсыз кылуу үчүн 6,5 чакырым суу куурлары тартылып, 41 чакырым узундуктагы коллектордук-дренаждык тармактар тазаланган. Ошондой эле 34 көп кабаттуу үйдүн чатыры оңдолуп, соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө пункттары курулуп, мөмөлүү жана декоративдүү бак-дарактардын көчөттөрү отургузулган болуучу.

Мындан тышкары заманбап үй-бүлөлүк поликлиника курулган жана эки жалпы билим берүүчү мектеп, бир бала бакча оңдоодон өткөрүлүп тиешелүү жабдыктар менен камсыздалган. Балдар аянтчалары, кичи футбол аянтчалары, стадион курулуп, тигүү цехтери ишке берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10810