Эми күн сайын Бишкектен Жалал-Абадга учууга болот
RU

Эми күн сайын Бишкектен Жалал-Абадга учууга болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эми Бишкектен Жалал-Абад шаарына күн сайын учууга болот. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

"2023-жылдын 8-мартынан тарта ата мекендик TEZ JET авиакомпаниясы тарабынан Бишкек - Жалал-Абад -Бишкек багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды.

Самолёттор жумасына жети жолу учат", - деп айтылат маалыматта.

Күн сайын аткарылуучу каттамдарды ата мекендик TEZ JET авиакомпаниясы аткарат.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган багыт боюнча каттамдар жумасына төрт жолу: дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10811