Кумтөр кенинде дагы эки карьер ачса болору маалымдалды
RU

Кумтөр кенинде дагы эки карьер ачса болору маалымдалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Kумтөр Голд Компани" ишканасы Кумтөр алтын кенинде дагы эки карьер ачууга болот. Бул тууралуу маалымат Кумтөрдүн расмий сайтына чыкты.

Анда карьерлерди ачык жол менен казууга болору жазылган.

""Үмүт " жана "Музду Суу" ачык жол менен казуу үчүн ылайыктуу деп күтүлүүдө. Запастардын жалпы күтүлүп жаткан өсүшү ачык жол менен казуу үчүн 20 тоннага чейин жана жер астындагы кендерди казуу үчүн 10 тоннадан 20 тоннага чейин",-деп айтылат маалыматта.

Компания геологиялык изилдөөлөр былтыр жасалып, ушундай жыйынтык чыкканын билдирди.

Кумтөрдө кен "Борбордук" карьердеги 20 жана 21 деген аймактардан казылат.

Ошондой эле "Сары-Төр" жана "Түштүк-Батыш" деген дагы кен казылган жерлер бар.

"Кумтөр Голд Компани" 2022-жылы кенден 17,3 тонна алтын өндүрүп, мамлекетке 32,1 млрд. сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төккөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10818