Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустан вакцина алды
RU

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустан вакцина алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-мартта Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп коронавируска каршы эмделди.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүу министрлиги республика боюнча коронавирус инфекциясына каршы вакцинациянын биринчи этабын баштады. Эмдөо процесси алгач Бишкек жана Ош шаарларында жана Чүй облусу боюнча жүрөт.

SinoPharm - инактивдендирилген вакцина. Аны жаратууда ооруну козгоочу вирус же бактерия, же аларга абдан окшош микроорганизмдер колдонулат. Алар химиялык реагенттердин, жылуулуктун жардамы менен инактивдендирилет (өлтүрүлөт). Бул ыкма адамды эффективдүү коргогон технологияларга негизделген. Алар гриппке, полиомиелитке каршы вакциналарда колдонулат жана вакцинанын масштабдуу өндүрүшүн жолго салууга мүмкүнчүлүк берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1081