Индияда "гонконг сасык тумоосунан" каза болгондор катталды
RU

Индияда "гонконг сасык тумоосунан" каза болгондор катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Индия өкмөтү "гонконг тумоосунан" өлкөдө эки адам каза болгонун билдирди, деп билдирет The Indian Express.

Жалпысынан өлкөдө бул вирусту жуктурган 90го жакын учур аныкталган. Индиядагы дарыгерлер вирустун жайылышын токтотуу үчүн Ковид-19 протоколдорун пайдаланууну көздөшүүдө.

Дүйнөлү саламаттыкты сактоо уюму дүйнөнү мүмкүн болгон жаңы пандемия жөнүндө эскертүүдө.

"H3N2 сасык тумоо вирусунун чакан түрү 1968-жылы Гонконгдо башталган жана дүйнө жүзү боюнча миллионго жакын адамдын өмүрүн алган грипптин пандемиясына себеп болгон. Анын белгилери башка грипптин белгилерине окшош. Аларга ысытма, дененин оорушу, тамак жана баш оору, мурундун агышы же бүтүшү жана өтө чарчоо кирет",- деп айтылат маалыматта.

Индиянын Медициналык Ассоциациясынын маалыматы боюнча, H3N2 инфекциясы ( гонконг вирусу) адатта бештен жети күнгө созулат, ысытма үч күндөн кийин басаңдай баштайт. Бирок, жөтөл үч жумага чейин созулушу мүмкүн. Ал көбүнчө 15 жашка чейинки балдарга жана 50 жаштан ашкан чоңдорго жугат. Балдар жана астма, кант диабети, жүрөк оорулары, алсыз иммундук система жана неврологиялык же нейрондук өнүгүү оорулары сыяктуу негизги медициналык шарттары бар адамдарда илдетти жуктуруу тобокелдиги жогору.

Башкы сүрөт: The Indian Express.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10827