Күндүн видеосу: Кыргызстанда SinoPharm препараты менен эмдөо башталды
RU

Күндүн видеосу: Кыргызстанда SinoPharm препараты менен эмдөо башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-мартта коронавирустук инфекцияга каршы вакцинация башталды. 19-мартта Кыргызстанга SinoPharm вакцинасынын 150 миң дозасы келген болчу.

SinoPharm вакцинасы - Кытайдан берилген гуманитардык жардам. Алгачкылардан болуп медиктер, социалдык кызматкерлер жана укук коргоо органдарынын кзыматкерлери вакцинациядан өтүшөт.

Вакцинаны биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев алды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эмдөөдөн өтпөйт, анткени, анын басма сөз кызматы түшүндүргөндөй, анда антителолор жетиштүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1083