"Нарын" ресторанынын ордуна "Бишкек сити" курулат. Видео
RU

"Нарын" ресторанынын ордуна "Бишкек сити" курулат. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте көп функционалдуу комплекстин курулушу башталды. Анда 5 жылдыздуу мейманкана, турак жайлар, бизнес жана соода борборлору болот. Имараттын пайдубалын тургузууга президент капсула салды.

Бирок бул аянтты унаа токтотуучу жай кылууну бийлик убада кылган.

Президент "Бишкек ситини" куруу долбоорунун инвестору чуулгандуу ишкер Хабибула Абдукадыр экенин расмий ырастады. Комплекстин баасы 321 млн доллар.

Хабибула Абдукадыр Кытайдан алып келген товарды Оштогу бажы аркылуу Өзбекстанга ташычу. Келтирилген зыян 700 млн долларга жакын.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10841