Мирбек Атабековго күйөрманы темир тулпар тартуулады
RU

Мирбек Атабековго күйөрманы темир тулпар тартуулады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековго күйөрманы унаа тартуулады. Ырчынын жакындары бөлүшкөн видеодон Lexus унаасы белекке берилгенин көрүүгө болот.

Ошондой эле унаанын номерине Мирбек деп жазылган. Темир тулпардын ачкычын берген күйөрманы: "Бул пранк эмес. Сиз бул унаага татыктуусуз" деди.

Белгилесек, Мирбек Атабеков 6-марттан 10-мартка чейин Бишкек шаарында жеке концертин жогорку деңгээлде өткөрдү. Күйөрмандарынын өтүнүчү менен 11-мартта да концерт уланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10842