Нарын облусуна жаңы өрт өчүрүүчү техникалар тапшырылды
RU

Нарын облусуна жаңы өрт өчүрүүчү техникалар тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

11-мартта Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнө жаңы өрт өчүрүүчү техникалар тапшырылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал жакында эле Россиядан Кыргызстанга келген "КамАЗ" үлгүсүндөгү техникалар.

Буга ылайык, Жумгал районуна 2, Кочкор районуна 1, Ат-Башы районуна 2, Ак-Талаа районуна 2 унаа бөлүндү. Облустун өрт өчүрүүчү бөлумдөрү 95 пайыз жаңы унаалар менен камсыздалды.

Мындан тышкары министрликтен берилген 2 JAC, 1 КамАЗ, 1 УАЗ унаалары ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгына тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10845