Аялын сабап, белгисиз куралдан ок аткан жаран кармалды
RU

Аялын сабап, белгисиз куралдан ок аткан жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 28 жаштагы С.А. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, мурдагы күйөөсү Б.Т. анын жашаган үйүнө барып, денесине залал келтирип, белгисиз куралдан жерди карай ок чыгарганын билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Бандит" аталышындагы рейд иш-чарасынын алкагында Чүй облусунун ИИББдүн жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 34 жаштагы Б.Т. аттуу кармалган. Териштирүү учурунда жогорудагы жаран ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган. Кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, алынган куралга тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1085