Кербен шаарындагы оорукананын төрөт бөлүмүндө өрт чыкты. Видео
RU

Кербен шаарындагы оорукананын төрөт бөлүмүндө өрт чыкты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарындагы ооруканадан өрт чыкты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, саат 09:30 чамасында өрт чыгып, ичиндегилер эвакуация болгону кабарланган. Учурда жеринде 4 өрт өчүрүү бөлүмү иштеп жатат. Алдын ала маалымат боюнча, өрт имараттын чатырынан чыгып, ичине өткөн.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги төрөт бөлүмүнөн өрт чыкканын кабарлады. Жабыркагандар болгон жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10862