Тоого чыгып, бутун кокустаткан аял куткарылды
RU

Тоого чыгып, бутун кокустаткан аял куткарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүндө тоого чыккан аял бутун кокустатып, бийиктиктен түшө албай калган. Ал куткаруучулар тарабынан түшүрүлгөнүн ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 12-мартта Ала-Арча капчыгайында 50 жаштагы И.В. аттуу орус жараны (аял) тоодон келе жатып бутун кокустатып, түшө албай калган. Маалымат түшөрү менен жерине 4 куткаруучу тартылган.

Алар аялды тоодон түшүрүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10867