Жалал-Абадда көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз куруу фактысы аныкталды
RU

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз куруу фактысы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз куруу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кымзатынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын жана Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү, турак жайларды куруу процессинде аткарылган иштердин техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайык келүүсү боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды.

"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, "шаар куруу жана архитектура объекттери бекемдиктин, сейсмикалык туруктуулуктун, коопсуздуктун, өндүрүштүктүн белгиленген талаптарына, ошондой эле инженердик-техникалык, инженердик-транспорттук инфраструктура жана инженердик жабдуулар менен камсыз болуунун деңгээлине жооп берүүгө тийиш".

Бирок, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, мамлекеттик органдардын долбоордук-сметалык документтерге берилүүчү экспертизанын оң корутундусу жок объекттерди көзөмөлү жана уруксаты жок курууга жол беришкен.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10869