Эмне үчүн Бабур Тольбаев Бишкек шаарынын мэри болушу керектигинин #12 себеби
RU

Эмне үчүн Бабур Тольбаев Бишкек шаарынын мэри болушу керектигинин #12 себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1. Ачык айкын жана кесипкөйлүк менен иш алып барат

20 жашынан бери салык төлөөчүлөрдүн катарында. Жеке жаран катары, акыркы 13 жылдын ичинде өлкөнүн бюджетине 65 миллион сомдон ашык салык чегерүүлөрүн жүргүзгөн.

2. Ишенимдүү жана аны актайт

Шаардык бюджетке инвестицияларды тарта алат, анткени анын бир топ тажрыйбасы бар. КРнын капиталына 100 миллион доллардан ашык суммадагы жеке инвестицияларды жана 50 миллион доллардан ашык сумманы насыя катары тартып келген.

3. Чыныгы жаратман жана натыйжалуу башкаруучу

Командасы менен биргеликте, Кыргызстанда "М Булак" эң ири финансылык уюмун негиздеп, түзгөн. Компания ошондой эле Россиянын жана Азербайжандын эл аралык рынокторунда да ийгиликтүү иштеп жатат. Бүгүнкү күнү жалпы холдингде 3 300 дөн ашуун кызматкерлер эмгектенишүүдө.

4. Татыктуу жаран жана үлгүлүү лидер

"М Булак" компаниясы негизделген күндөн бери, 13 жыл аралыгында, Кыргызстандын ири салык төлөөчүлөрүнүн бири катарында 2.8 млрд сомдон ашык сумманы салык жана чегерүүлөр катары өлкө бюджетине которгон. Бир гана 2020-жыл үчүн компания 500 млн сом суммасында салык төлөгөн.

5. Ислам долбоорлорун жана исламдык каржылоонун принциптерин өнүктүрүүнү колдойт (ИПФ)

"М Булак" компаниясы, Кыргыз Республикасында биринчилерден болуп Ислам терезесине лицензия алган. Команданын талыкпаган эмгегинин аркасында, компания КМШдагы ИПФ бүтүмдөрдүн саны боюнча лидер болуп калды. Улуттук банктын Кыргызстандагы ИПФти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, Улуттук банктын медалы менен сыйланган.

6. Коомдун демилгелерин колдоо менен, коомго кам көрөт

Жаштарды жигердүү инвестициялайт. Билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, спорт, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо жана башка тармактарга багытталган социалдык долбоорлорго, Компания тарабынан 116.5 млндон ашык сом которулган. 2020-жылы, Бүткүл дүйнөлүк пандемия учурунда COVID -19 илдети менен күрөшүүгө 50 млндон ашык сумма жумшалган.

7. Кеңири белгилүү коомдук ишмер

"Апаке" КФ, "Балдар Футбол Академиясы" КФ, "Азия Гол футбол Клубу" КФ, "Аялдардын Ишкердүүлүгү, Эне жана Балалык Борбору" КУ сыяктуу коомдук фонддорунун негиздөөчүсү жана Байкоочулар Кеңешинин Төрагасы. Ошондой эле "Азиздер Федерациясы" КФнун Байкоочулар Кеңешинин Төрагасы жана КР Шахмат Федерациясынын вице-президенти.

8. Жогорку билимдүү

ОшМУ, Mississippi State University, Georgetown University, Harvard University сыяктуу эң мыкты окуу жайларынан билим алган.

9. Сергек жашоо образын активдүү жайылтат

Эки жолку марафончу (42,2 км). Жүздөн ашык адамдарга тамеки чегүүнү таштоого жардам берген.

10. Үй-бүлөнүн жоопкер ээси

Үйлөнгөн, 5 балалуу.

11. Кайраттуу, дымактууу жана натыйжалуу

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер. Ал, 2021-жылы Кыргыз Республикасына президенттик шайлоодо үчүнчү орунду ээлеген. Мамлекеттик сыйлык – "Даңк" медалы менен сыйланган.

12. Кантип шыктандырууну жана бөлүшүүнү билет

Бизнес-тренер, лайф-коуч, өлкө ишкерлеринин тажрыйбалуу устаты. Ал белгилүү дүйнөлүк машыктыруучу (насаатчы) - Тони Роббинстин платина өнөктөшү.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Болотакунова С.А. тарабынан "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 29.03.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1087