Таласта 9 күн, 9 түн манас айтылат
RU

Таласта 9 күн, 9 түн манас айтылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта 13-марттан 21-мартка чейин күнү-түнү манас айтылат. Бул туурасында президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалым болгондой, өлкөнүн бардык аймактарынан "Манас Ордо" комплексине 25 манасчы барды. Аларды президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов тосуп алды.

Белгиленгендей, 21-мартта Талас шаарынын борбордук аянтында Манастын айкелинин ачылыш аземи болот. Айкелдин ачылышынын урматына манасчылар 13-марттан 21-мартка чейин күнү-түнү улуу баянды айтышат.

9 күн манас айтууга Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назаркул Сейдракманов, Рысбай Исаков, Камил Мамадалиев сыяктуу белгилүү манасчылар жана эң жаш - 6 жаштагы Бекжан манасчы катышат.

Учурда айкелди орнотуу боюнча иштер кызуу жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10884