Абайлаңыз, сүрөт! Ошто столдон кулаган 5 жашар кыздын бетине кайчы сайылып калган
RU

Абайлаңыз, сүрөт! Ошто столдон кулаган 5 жашар кыздын бетине кайчы сайылып калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто столдон кулап түшкөн кыздын бетине кайчы сайылып калган. Ага тез арада операция жасалды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 9-мартта Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына Кара-Суу районунун тургундары 5 жаштагы кызын алып келишкен. Кыз чукул түрдө кулак-тамак мурун бөлүмүнө жаткырылып, операциялык жардам көрсөтүлгөн.

Белгилүү болгондой, кыз үйүндө столдун үстүнөн жыгылып түшкөн, ошол учурда колунда кайчы болгон.

Кайчы оң жак бетине 6-7 сантиметр терең сайылып калган. Оң жак гайморит көңдөйчөсүн тешип өтүп, көздүн асты аркылуу баш сөөктүн негизинде жайгашкан көңдөйчөнүн сөөгүнө сайылып токтогон. Бактыга жараша, чоң артерияларга тийген эмес, андай учурда баланын өмүрүнө кескин түрдө залал тийип калмак.

Азыркы учурда бейтаптын абалы жакшы экени, ооруканадан үйгө чыгууга даярдык көрүлүп жатканы маалымдалды.

Мындай татаал операцияны кулак-тамак мурун бөлүмүнүн бөлүм башчысы Үмүтбек Пазылов жасады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10890