Кыргызстандын алты облусундагы айыл жана айыл аймактарынын аттарын өзгөртүү сунушу берилди
RU

Кыргызстандын алты облусундагы айыл жана айыл аймактарынын аттарын өзгөртүү сунушу берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик кадр кызматы Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы бир нече айыл жана айыл аймактарын атын өзгөртүүнү сунуштады.

Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Эмне сунушталып жатат?

Кадр кызматы төмөнкү аймактардын аталышын өзгөртүүнү сунуштайт:

  • Баткен облусунун Көтөрмө айыл аймагы - Молдо Нияз;
  • Жалал-Абад облусунун Назаралиев айыл аймагы - Үч-Коргон;
  • Ысык-Көл облусунун Семенев айыл аймагы - Кожояр;
  • Жалал-Абад облусунун Деш айылы - Тынчтык;
  • Жалал-Абад облусунун Дукур айылы - Достук;
  • Жалал-Абад облусунун Чек айылы - Ынтымак;
  • Ош облусунун Киров айылы - Кенжебай;
  • Талас облусунун Куру-Маймак айылы - Сатыкей;
  • Чүй облусунун Нижняя Серафимовка айылы - Макеш Баатыр;
  • Ысык-Көл облусунун Комсомольское айылы - Кытай.

"Аталаштырды өзөртүү боюнча жергиликтүү тургундардын чогулушунда чечим кабыл алынып, айылдык кеңештер, акимчиликтер, президенттин Баткен, Жалал-Абад, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы өкүлүчүлүктөрү макулдук берген",-деп айтылат маалыматта.

2,03 млн сом өлчөмүндө күтүлүп жаткан чыгашалар тиешелүү айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджетинен жана атын өзгөртүү демилгечилерилер тарабынан каржыланат.

Мыйзам кабыл алынган учурда расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Долбоордун максаты - улуттук идеологияны бекемдөө дешет демилгечилер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10918