Түркияда кыргызстандык келинин бычактап өлтүргөн кишиге өкүм чыкты
RU

Түркияда кыргызстандык келинин бычактап өлтүргөн кишиге өкүм чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык келинин бычактап өлтүрдү делген Фехми Адсыз өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Dha.com.tr. маалымат агенттиги жазды.

Басылманын маалыматына караганда, сотто 67 жаштагы киши күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Эске салсак, окуя 2021-жылдын 12-октябрында болгон. Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, ошол күнү кармалган жаран келини менен уруша кеткен. Анын айтымында, ал балдарына, неберелерине, ошондой эле өзүнө жана аялына орой мамиле жасаган.

Уулу жумушта жана жубайы менен чоң небереси сыртта жүргөн учурда, Фехми Адсыз менен Аят Адсыздын (келини) ортосунда талаш-тартыш чыккан. Кайнатасы ачуусу менен келинин бычактап өлтүргөн. Анын денесинен 16 бычак изи табылган.

Фехми Адсыздын айтымында, ал кылмышты жашыруу үчүн сөөктү жиликтеп, сыртка чыгарып, сууга же токойго ыргытууну пландаган. Алгач колу-бутун араа менен кесип, таштанды салган баштыкка салып, автоунаасынын багажына салып койгон. Андан кийин үйүнө келип, кан болуп калган кийимдерин алмаштырган. Маркумдун денесинин калган бөлүгүн баштыкка салып, чыгарардын алдында үйгө жубайы менен небереси келип калган. Жубайы канды көргөндөн кийин, ага келинин өлтүргөнүн айткан. Жубайы кошуналарына барып, болгон окуяны айтып берген. Кошуналары полиция чакырган.

Андан соң полиция келип, Фехми Адсызды кармап кеткен.

Бул үрөй учурган окуя Түркиянын Текирдаг аймагынын Черкезкөй районунда болгон. 30 жаштагы Аят Адсыздын өлүмү Түркияда резонанс жараткан.

Башкы сүрөт: коллаж. Интернеттен алынган

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10922