Бишкекте жолдорду жамоо иштери башталды
RU

Бишкекте жолдорду жамоо иштери башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте чуңкурларды жамоо башталды. Калаа багшармалыгынын маалыматына ылайык, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жол белгилерин орнотуу, жол сызыктарын чийүү, жолдорду жамоо жана борбор калааны көрктөндүрүү боюнча активдүү иш алып барууда.

Учурда Лев Толстой көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө.

Буга чейин Абдрахманов көчөсүндө Токомбаев көчөсүнөн Совет көчөсүнө чейинки тилкеге (жолдун чыгыш тарабына) жана Горький көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө чуңкурлар жабылды. Жол кыймылынын коопсуздугу жана шаардын эстетикалык көрүнүшү үчүн Ч.Айтматов проспектиси Мамлекеттик резиденциядан Масалиев көчөсүнө чейинки жол бордюрларын сырдоо иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10927