Электрондук күндөлүктүн негиздөөчүсү кармалды
RU

Электрондук күндөлүктүн негиздөөчүсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү министрлигинин системасына киргизилген электрондук күндөлүк программасынын негиздөөчүсү кармалды. УКМКдан кабарлашкандай, анын алдамчылык аракеттеринен 19 миллион сом зыян келтирилген.

Такталгандай, окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөөчү программанын негиздөөчүсү Б.С.А. 13-мартта өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу жана алдамчылык фактысы боюнча кармалды.

Электрондук күндөлүктүн башкы директору жана негиздөөчүсү кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, кош бухгалтерияны колдонуп, алынган кирешелер тууралуу жалган маалыматтарды берип, салыктарды төлөөдөн качкан.

Натыйжада мамлекеттик бюджетке жылына 19 миллион сомдон ашык салык төлөмдөрү түшпөй, биргелешкен иштин кирешесинен түшкөн дивиденддерди убада кылып, алдоо жолу менен тең уюштуруучулардын акча каражаттарын өздөштүрүп алганы аныкталды.

Учурда бул окуяга тиешеси бар бардык кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Шектүү убактылуу кармоочу жайда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10930