Камчы Көлбаев кызын турмушка узатты (видео)
RU

Камчы Көлбаев кызын турмушка узатты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кримавторитет Камчы Көлбаев (Камчы Асанбек) ортоңку кызы Эркайымды турмушка узатты. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына жеке булактар билдиришти.

Белгилүу болгондой, Эркайым 25 жаштагы Рустам деген жигитке баш кошту. Анын улуту уйгур, ата-энеси менен Бишкекте турат.

Дем алыш күндөрү дароо эки той өткөн. 27-мартта жаштардын никеси кыйылып, маараке "Арзу Гранд" тойканасында өткөн.

Социалдык тармактарга чыккан сүрөттөргө ылайык, чакыруу кагаздарында эки жаштын аталарынын аттары: Рустам жана Камчы, деп жазылган.

Ал эми эртеси "Версаль" ресторанында үйлөнү тою өткөн.

Белгилүү болгондой, үлпөт тоюна атактуу ырчылар, анын ичинде Мирбек Атабеков да келип ырдаган.

Эске салсак, 2017-жылы Көлбаев улуу кызы Санираны турмушка узаткан. Күйөө баласы Нарындык, аты Акбар. Анда дагы үйлөнүү тоюнун видеолору социалдык тармактарга жайылып кеткен болчу. Көлбаевдин төрт баласы бар: бир уул жана үч кыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1093