"Президент стресске кабылды". Депутат Жапаровго жалаа жапкандарды жазалаш керек деди
RU

"Президент стресске кабылды". Депутат Жапаровго жалаа жапкандарды жазалаш керек деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16-мартта, Жогорку Кеңеш алтын казып алуу жана сатуу, "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгү боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыктарын карады.

Депутат Камила Талиева "президенттин үй-бүлөсүнө жалаа жапкандарды"жазалоону талап кылды.

"Депутаттык комиссия жоголгон 19 тонна алтын тууралуу чатактан кийин түзүлгөн. Президенттин агасы, анын үй-бүлөсү айыпталган. Алар жок эмес экенин далилдеп турат. Бул тууралуу маалымат тараткандарды жазалоо керек. Анткени президент жана бүт үй-бүлө стресске кабылды", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10964