Бишкектеги жол кырсык: унаалардын бири тротуарга чыгып, дүкөндү сүзгөн (фото)
RU

Бишкектеги жол кырсык: унаалардын бири тротуарга чыгып, дүкөндү сүзгөн (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-мартта Матросов жана Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдирди.

Алардын айтымында, кырсыкка Honda Fit унаасынын айдоочусу күнөөлүү. Экинчи унаа кесилишке жакын жайгашкан дүкөндүн дубалын сүзгөн.

Окуяга күбө болгондор "Тез жардам" унаасы жабыркагандарды ооруканага алып кеткенин айтышты. Окуя болгон жерде Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери иш алып барууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10970