Гаагадагы эл аралык сот Владимир Путинди камакка алууга ордер берди
RU

Гаагадагы эл аралык сот Владимир Путинди камакка алууга ордер берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Россиянын президенти Владимир Путинди, ошондой эле балдардын укуктары боюнча акыйкатчы Мария Львова-Белованы камакка алууга эл аралык ордер берди. Бул тууралуу соттун сайтында жазылган.

"Бүгүн, 2023-жылдын 17-мартында Эл аралык кылмыш сотунун экинчи соттук коллегиясы Украинадагы кырдаалга байланыштуу эки адамды: Владимир Путин менен Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берди",-деп айтылат сайтта.

Маалыматка ылайык, Владимир Путин менен Мария Львова-Белова "калкты (балдарды) мыйзамсыз депортациялоо жана Украинанын оккупацияланган аймактарынан Россиянын аймагына калкты (балдарды) мыйзамсыз өткөрүп берүү боюнча аскердик кылмыш үчүн жооптуу" деп жазылган.

"Владимир Путин жогоруда аталган кылмыштар үчүн, түздөн-түз, башка адамдар менен биргелешип жана/же башка адамдар аркылуу аракеттерди жасагандыгы үчүн жекече кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп айтууга негиздүү негиздер бар",- деп билдирүүдө айтылат.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун иликтөө комиссиясы украин балдарын Россияга алып кетүү - согуш кылмышы катары каралышы мүмкүн экенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10985