Чүйдө мамкызматкер 15 миң сом менен кармалды
RU

Чүйдө мамкызматкер 15 миң сом менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунда мамлекеттик кызматкер акча талап кылганга шектелип кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, кармалган кызматкер Панфилов районунун Курама айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы.

Белгиленгендей, опузалап пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 17-мартта Курама айылынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы Ж.Р.Б. кармалды.

Ал жергиликтүү тургунду административдик жоопкерчиликке тарттырбоо үчүн 15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан.

Азыркы учурда кармалган жаран УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10991