Бишкекте Нооруз майрамына карата өтүүчү иш-чаралардын тизмеси
RU

Бишкекте Нооруз майрамына карата өтүүчү иш-чаралардын тизмеси

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы "Нооруз-2023" майрамына карата майрамдык программа даярдады. Ага ылайык:

  • 21-мартта саат 12:30дан баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамаатарынын жана Кыргыз искусствосунун маданият жана өнөр чеберлери концерттик программасы тартууланат;
  • Саат 10:00дө "Ала-Тоо" аянтында майрамдык иш-чара өткөрүлөт.

Майрамдык иш-чаралар борбор калаанын бардык райондорунда өткөрүлөт.

Октябрь району

  • 19-март күнү саат 19:00дө Алтын-Ордо конушунда улуттук сүмөлөк даярдалган майрамдык иш-чара өткөрүлөт.
  • 21-март күнү саат 10:00дө №73 мектепте Тунгуч кичи районунун тургундарынын "Спорттук Нооруз" спартакиадасы өтөт.
  • Саат 10:00дө Көк-Жар конушунун №103 мектебинин аймагына боз үй тигилип, салтанаттуу иш-чаралар, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, майрамдык дасторкон жайылат.

Свердлов району

  • 20-март күнү саат 10:00дөн 20:00гө чейин Ак-Бата конушунда элдик майрамдар уюштурулуп, боз үй тигилип, дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланып, улуттук оюндар жана спорттук мелдештер өткөрүлөт.
  • 22-мартта саат 14:00дө К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында "Сармерден" өткөрүлөт.
  • Нооруз майрамын белгилөөнүн алдында "Сайма" мелдеши өткөрүлүүдө. "Сайма" мелдеши райондун мектептеринде жана бала бакчаларында улуттук кийимдерди, оймо-чиймелерди, шырдактарды, баш кийимдерди улуттук турак жайды жайылтууга жана өркүндөтүүгө багытталган. Жеңүүчүлөр үчүн байге фонду каралган.
  • Каалоочулар үчүн (ата-энелер менен балдарга) райондун Балдар чыгармачылык борборунун базасында ар жума күнү кийиз гигүү, чий-токуу, карапа жасоо жана улуттук кол өнөрчүлүктүн башка түрлөрү боюнча акысыз мастер-класстар уюштурулууда.

Ленин району

  • 21-мартта Чоң-Арык айылында "Нооруз – 2023" (улуттук "сүмөлөк" тамак-ашын даярдоо) майрамдык иш-чаралары уюштурулат.
  • Саат 10:00дө Арча-Бешик конушунда да "Тушоо кесүү" аземи менен майрамдык иш-чара уюштурулат.
  • Саат 10:00дө Ак-Ордо конушунда дасторкон, концерттик программа жана улуттук оюндарды уюштуруу менен элдик майрамдар өткөрүлөт.
  • Саат 13:00дө Asia Mall соода борборунун жанында этникалык айыл орнотулуп, Азия элдеринин жарманкеси, ошондой эле ар улуттун өкүлдөрүнүн концерти өтөт. Майрамдын коноктору үчүн улуттук оюндар: тогуз коргоол, хан таламай, бал-таш, күрөш, ордо боюнча мастер-класс уюштурулат.

Биринчи Май району

  • 21-март күнү саат 10:00дө "Мурас-Ордо" жаңы конушунда улуттук оюндар, аркан тартыш, ордо, тогуз-коргоол, кичи футбол жана эстафеталык жарыш уюштурулуп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10993