Украинадагы согушта каза болгон кыргызстандык жерге берилди
RU

Украинадагы согушта каза болгон кыргызстандык жерге берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинадагы согушта курман болгон 45 жаштагы Тимур Гатиятулин 15-мартта Кара-Балта шаарында акыркы сапарга узатылды.

Гатиятулин Кара-Балтанын тургуну болгон, бирок он жылдан ашык убакыт мурда Россияга көчүп, ал жактан жарандык алып, эмерек чыгаруучу ишканада иштеген. 2022-жылы ноябрда катардагы жоокер катары согушка аттанып, 2023-жылы январь айында Угледар шаарына жакын жерде курман болгон.

Туугандары аны кичи мекенинде, атасынын мүрзөсүнүн жанына коюуну талап кылышкан. Ал өлгөндөн кийин Россия Федерациясынын "Эрдик" ордени менен сыйланган.

Белгилей кетсек, Украинадагы согушта каза болгон кыргызстандыктардын так саны азырынча белгисиз. Маалымат каражаттарынын байкоолоруна караганда, төрт адам каза болгону белгилүү, алардын үчөө Россиянын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жүрүп согушка катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10994