"Славян базары" фестивалына Кыргызстандан Насыйкат Баймырзаева катышат
RU

"Славян базары" фестивалына Кыргызстандан Насыйкат Баймырзаева катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Славян базары" фестивалына Кыргызстандын атынан 9 жаштагы Насыйкат Баймырзаева катышат. Аталган музыкалык иш-чара Витебскте өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, "Витебск-2023" эл аралык балдар музыкалык сынагынын улуттук тандоо турунун финалында Насыйкат Баймырзаева жеңүүчү болду. Ал өзүнүн мыкты аткаруусу жана таза үнү менен айырмалана алган.

Улуттук тандоо туруна Кыргызстандын бардык аймактарынан эстрада ыр жанрындагы таланттуу жаш аткаруучулар катышкан.

"Витебск 2023" эл аралык балдар музыкалык сынагынын Кыргыз Республикасындагы улуттук тандоо турунун уюштуруучусу "Арт булак" коомдук фонду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10998