Британияда капталында жылмайган быйтыкчанын сүрөтү бар музоо туулду
RU

Британияда капталында жылмайган быйтыкчанын сүрөтү бар музоо туулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Британияда капталында жылмайган быйтыкчанын сүрөтү бар музоо туулду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Британиялык фермерлер Меган менен Барри Костер жаңы төрөлгөн торпоктун денесиндеги быйтыкчага таң калышкан. Жубайлар жылына 700дөй уй багышат, бирок мындай көрүнүшкө биринчи жолу туш болушууда.

"Биз кызыктуу, жүрөк түрүндөгү символдорду көп эле көргөнбүз. Бирок биз биринчи жолу мындай быйтыкчаны көрүп жатабыз",- дешкен алар.

Мал ээлери музоого "счастливчик" деген лакап ат коюшкан деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11001