Чукул кабар! Айрым аймактарда үшүк жүрөт
RU

Чукул кабар! Айрым аймактарда үшүк жүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул кабар таратты. Ага ылайык, айрым аймактарда үшүк жүрөт.

20-21-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0…-2 градуска жетип, үшүк жүрөт.

Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11006