Таласта Манастын бир катар өзгөчөлүктөрү бар айкели орнотулууда. Сүрөттөр
RU

Таласта Манастын бир катар өзгөчөлүктөрү бар айкели орнотулууда. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нооруз күнүнө карата Талас шаарына айкөл Манастын айкели орнотулууда. Мындай эстелик Түркиянын Стамбул жана Анкара шаарларында дагы орнотулган.

Улуттук "Манас" театрынын жетекчиси Азиз Биймырза уулу белгилегендей, скульптуранын бир катар өзгөчөлүктөрү бар.

Дүйнөдөгү 3-айкелди президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдына коюу демилгесин мурдагы өкүл Бакытбек Нарбеков сунуштап, ишке салып кеткен.

Айкелдин ачылышы 21-мартта өтөт.

Эстеликти элине ишкер, меценат Темирлан Сарлыкбек уулу белек кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11011