Бишкекте БЧКга Hyundai Solaris унаасы кулап түшкөн. Жабыркагандар жок (фото)
RU

Бишкекте БЧКга Hyundai Solaris унаасы кулап түшкөн. Жабыркагандар жок (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-мартта болжол менен эртең мененки сааты 6да Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унаа Курманжан Датка көчөсү менен кесилишкен жерден Чоң Чүй каналына түшүп калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, айдоочу машинени башкара албай, сууга түшүп кеткен.

Жабыркагандар жана жарат алгандар жок.

Куткаруучулар машинени суудан чыгарышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1102