Таласта Манастын эстелиги тургузулду
RU

Таласта Манастын эстелиги тургузулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

21-мартта Талас шаарынын борбордук аянтына Манастын эстелиги орнотулду.

Салтанаттуу иш-чара министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана тургундардын катышуусунда өттү.

Эстеликтин авторлору эмгек сиңирген сүрөтчү, скульптор Садабек Ажиев жана чебер-скульптор Токталы Мурзакаримов.

Эстеликтин бийиктиги 6 метр, ал эми постамент менен 12 метр болот. Ал Анкара менен Стамбулда тургузулган башка Манастын эстеликтерине окшош.

Маалым болгондой, эстеликтин баасы 8,7 миллион сомду түзгөн. Анын демөөрчүсү "Альянс Алтын" компаниясы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11032