Жети-Өгүздө үрөйдү учурган кырсык катталып, жеринен эки киши каза болду
RU

Жети-Өгүздө үрөйдү учурган кырсык катталып, жеринен эки киши каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

21-мартка караган түнү Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Түнкү саат экиде чоң жолдо катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа жол жээгинде турган экинчи унааны сүзүп кеткен. Кырсык болгон учурда токтоп турган унаада жүргүнчүлөр болгон.

"Дагы бир аял унаага отурайын деп жатканда машина сүзүп кеткен",-деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын кесепетинен эки киши ошол жерден каза болгон. Дагы эки жабырлануучу оор абалда аймактык ооруканага жеткирилген. Алардын абалы азырынча белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11034