Нооруз-2023: Көк бөрү оюнунда "Ынтымак" командасы жеңишке жетти
RU

Нооруз-2023: Көк бөрү оюнунда "Ынтымак" командасы жеңишке жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Нооруз-2023" көк бөрү мелдешинде Таластын "Ынтымак" командасы жеңүүчү аталып, бир миллион сом байгеге ээ болду. Негизги оюн 5:0 эсеп менен аяктады.

"Ынтымак" менен финалга чыккан Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы 500 миң сом алып, экинчи орунду камсыздады. Ал эми үчүнчү орунду "Достук" командасы ээлеп, 250 миң сом байгеге ээ болду.

Эске салсак, турнир 13-мартта башталган. Бардык оюндар Ак-Кула ат майданында өттү.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11036