Бишкектеги мечиттердин биринде өрт чыкты
RU

Бишкектеги мечиттердин биринде өрт чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мечиттердин биринде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өрт Ибраимов көчөсүндө жайгашкан "Дордой Мурас" базарынын жанында жайгашкан мечиттен чыккан. Аны өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүм жана ӨКМдин өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн штабы тартылган. Ал саат 02:19да чектөөгө алынып, саат 04:03тө толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон жалпы 230 чарчы метр аянт күйдү.

Өрт мечитке жакын жайгашкан төрт контейнерге да өткөн. Такталган маалыматка караганда, жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11045