Садыр Жапаров кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады
RU

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-мартта Рамазан айынын биринчи күнү башталды. Өлкө башчы Садыр Жапаров Орозо айынын башталышы менен кыргызстандыктарды куттуктады.

"Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулман агайындар! Ыйык Орозо айынын кириши менен баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайм!

Орозо айы – таң заардан күн батканга чейин оозду бек кармап, наар алуудан тыйылуу гана эмес, барга шүгүр, азга каниет кылып, өзүн-өзү тарбиялоо мезгили, берешендик, кайрымдуулук, мээримдүүлүк сыяктуу бийик сапаттарды көрсөткөн өзгөчө ай.

Мындай берекелүү айдын келиши менен баарыбыз дилибизди тазартып, ысырапчылыктан сактанып, башкаларга кол сунуп, кайгысына, кубанычына да ортоктош боло билүүгө умтулалы.

Үй-бүлөдөгү, коомдогу жана мамлекеттеги ийгиликтердин башаты ынтымакта экенин эстен чыгарбайлы! Бири-бирибизге болгон ишенимибизди чыңдап, мамилебизди бекемдөө менен мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн талбай мээнет кылышыбыз кажет.

"Отуз күндүк орозо – ой тазартаар жол ошо" деген накыл кеп сыңары, Орозо айында жалаң жакшылык тилеп, жамы журт менен карым-катыш, алакабызды арттырып, Кыргызстанда адал ишти сүйгөн, ак кызмат кылган акыйкат, калыс, эмгекчил коомду курууга кам көрөлү.

Жапа тырмак жан үрөп, биримдиктүү иш-аракетибиз менен өлкөбүздү бейкапар жашоо шарттары түзүлгөн жайлуу, жагымдуу өлкөгө айландырарыбызга бекем ишенем!

Жараткан муктаждарга жакындан жардам берип, жакшы иштер менен сооп табууну баарыбызга насип кылсын. Отуз күн тута турган орозобузду, бата-тилектерибизди кабыл кылсын.

Орозо айыңыздар куттуу болсун! Жараткан Кыргызстаныбызды айтпай келген бөөдө кырсыктардан сактасын!", - деп айтылат куттуктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11057