Баткакта футбол ойногон балдарга Акылбек Жапаровдун кеңешчиси жолугуп, жаңы топ берди
RU

Баткакта футбол ойногон балдарга Акылбек Жапаровдун кеңешчиси жолугуп, жаңы топ берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токтогулдагы айылдардын биринде баткакта топ ойногон балдардын видеосу тарап, элдин кызуу талкуусуна түшкөн. Бир нече күндөн кийин ми нистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Урмат Токтожумаев балдардан кабар алды.

Ал Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен атайын балдарга жолукканы барганын айтып, окуучуларга жаңы топ берди. Андан тышкары алардын бирин камкордукка аларын кошумчалады.

Урмат Токтожумаев айылдын тургундарынын арыз-муңун угуп, алардын маселелерин министрлер кабинетине, ал эми мектеп көйгөйүн билим берүү министри Каныбек Иманалиевге жеткирерин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11070