Валентина Шевченко Грассо менен 16-сентябрда Мексикада "реванш" өткөрүшү мүмкүн
RU

Валентина Шевченко Грассо менен 16-сентябрда Мексикада "реванш" өткөрүшү мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыз-келиндер арасындагы жеңил салмактагы UFC уюмунун жаңы чемпиону мексикалык Алекса Грассо (16-3) Валентина Шевченкого (22-4) каршы реванш качан өтүшү мүмкүн экенин айтып берди.

"Ал менден реванш өткөрүүнү суранды. Мен аны менен дагы беттешүүнү каалайт элем. <...> Биринчи беттеште эмне кылганымды көргөндөн кийин ал экинчи беттеште эмне кылат деп ойлонуп жатам. Мен дагы бир топ ыкмаларды жакшыртышым керек. Бул шахмат оюнуна окшош болот", - деди ал.

Грассонун айтымында, ал дагы бир беттешүүгө даяр жана UFC кыз-келиндер арасындагы жеңил салмак категориясында чемпиондук статусун бекемдөөгө кызыктар.

"Экинчи беттеш алдында абдан толкундангам, бирок эл биздин беттешти көргүсү келгенин билем. Көптөр мени атаандашым ката кетирген үчүн утту деп жатышат. Себеби Шевченко үчүн бул кокустук болду. Албетте, мен андай деп ойлобойм, анткени мен бул өзгөчө ыкманы колдонуу үчүн көп машыккам. Эң башкысы мен үчүн баарына өзүмдүн чемпион экенимди көрсөтүү маанилүү", - деди ал.

Грассо реванш өз өлкөсүндө өтүшүн каалайт. Анткени ал титулдан пайдаланууга укуктуу. Спортчу беттеш 16-сентябрда Мексикада - өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда өтүшү мүмкүн экенин айтты.

Эске салсак, Грассо Шевченкону төртүнчү раундда муунту ыкмасы менен жеңген. Беттеш 4-мартта UFC 285 мелдешинде Лас-Вегастагы (АКШ) T-Mobile аренасында өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11079